Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн чакырган 40 активистке эмне деп кайрылды

Жазылуу
Өлкө башчысы өз сөзүндө жарандык сектордун өлкөнүн өнүгүшүндө орду чоң экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө өлкөнү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртууда бардык тарап бирге иш алып барышы кетектигин айтып, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталарын белгиледи.

"Сиздерди Кыргызстандын келечек тагдырына кайдыгер карабаган, интеллектуалдык потенциалы бийик, мамлекеттик эмес уюмдарда иштеген мамлекетчил адамдар деп билем, тааныйм. Сиздер менен жолугушуу чечими дагы мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгын баса белгилеп коёюн. Кыргызстанда демократиялык процесстердин калыптанышы, олуттуу саясий өзгөрүүлөр — мына ушул сиздердин түздөн-түз катышууңар менен болгондугун баса белгилегим келет", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с активистами - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков менен кайсы 40 активист жолукту. Тизме
Ал жарандык коомдун өкүлдөрүнө өз тажрыйба-билимин, энергиясын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына, жаратмандык позицияга багыттоону каалады. Саясий маселелерде гана эмес, өлкөнүн башка көйгөйлөрүн чечүүдө да активдүү болууга чакырды.

Президент акыркы жылдарда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлгөнүн, бул сыймыктана турган чоң жетишкендик экенин белгиледи.

"Биз жарандык коом менен иштөөгө, өнөктөш болууга даярбыз, ачыкпыз. Конструктивдүү идея, сын-пикирлерди кабыл алабыз", — деди өлкө башчысы.

Андан сырткары, коррупцияга каршы күрөшүү туруктуу жүрүп, аягына чыгарарын айтты.

"Бийликтин бул жааттагы максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Бүгүн сиздер менен бирге айткым келет: Бул иш убактылуу эмес! Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз! Биз бул күрөштү аягына чыгарабыз! Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек. Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле сот реформасын реалдуу түрдө, калк сезе тургандай деңгээлде турмушка ашыруу көп күч-кубатты жана бекем эркти талап кылган олуттуу маселе экенин белгиледи. Анткени бул реформа көп коррупционердин "чөнтөгүн" тарытат.

Жаңылыктар түрмөгү
0