Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровДорога Исфана — Баткен
Дорога Исфана — Баткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер Кыргызстан боюнча салкыныраак аймак Ысык-Көл облусу боло тургандыгын айтышты.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт деп билдирди Кыргызгидромет.

Бишкек шаарында түнкүсүн +17…+19, күндүзү +36…+38, ал эми Ош шаарында түнкүсүн +21…+23, күндүзү +36…+38 градус ысык болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнү термометр +18…+23, күндүзү +34…+39, Баткен дубанында түнү +20…+25, күндүзү +34…+39 градусту көрсөтөт.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Чүйдө түнкүсүн +15…+20, күндүзү +33…+38, Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүзү +30…+35 градус ысык болот.

Ал эми тоолуу Нарын аймагында түнү +9…+14, күндүзү +26…+31 градуска чыгат. Синоптиктер өлкө аймагында салкыныраак Ысык-Көл облусу боло тургандыгын айтышты. Туристтик аймакта түнү аба +11…+16, күндүзү +22…+27 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0