Көчмөндөр оюндарында тыгын жаралбашы үчүн кошумча жол курулуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековУкладка асфальта на альтернативной дороге север юг
Укладка асфальта на альтернативной дороге север юг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) учурунда "Кырчын" жайлоосуна бара жаткан жолдо 2016-жылкыдай унаа тыгыны болбошу үчүн Григорьев капчыгайы аркылуу кирген альтернативдүү жол курулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ДКОнун катчылыгынын логистика жана коопсуздук боюнча координатору Каныбек Таалай уулу билдирди.

Эске салсак, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында "Кырчын" жайлоосуна алып барчу Семеновка капчыгайындагы жолдо бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны жаралган.

Таалай уулунун айтымында, кошумча жол Григорьев капчыгайы аркылуу курулуп жатат.

"Тоолуу жерге асфальт жол салууга шарты келбей жаткандыктан, шагыл төшөлүүдө. Иштин 70 пайызы бүттү. Унаа тыгынын азайтуу үчүн жеке унаалар бир тараптуу катташат. Тагыраагы, Семьеновка капчыгайы менен кирип Григорьев капчыгайы тараптан чыгып кетишет. Бирок эл ташыган чакан автобустар эки тараптуу жүрө алат", — деди координатор.

Маалыматка караганда, "Кырчын" жайлоосуна элди ташуу үчүн жергиликтүү транспорт компанияларынын унаалары тартылат.

Соревнования по национальным видам спорта в центральной площади города Ош - Sputnik Кыргызстан
ДКО: согуштун планын үйрөткөн ордо оюну. Эрежеси
Ошондой эле жайлоого каттаган жана ипподромго эл ташыган автобустар быйыл бекер жүрбөй турганы кошумчаланды.

"Мурда шаттл бастар бекер жүргүзүлгөн. Бирок техниканы Бишкектен алып баруу, айдоочулардын акысын эсептей келгенде чыгым көп болуп кетет экен. Анын үстүнө бул долбоордун максаты өлкөгө жана жергиликтүү элге акырындык менен киреше алып келүү да. Азыр жол кире канча болоору талкууланып жатат", — деп түшүндүрдү Таалай уулу.

Баса, быйыл дагы ДКО учурунда Чолпон-Ата шаарында эки унаа токтотуучу жай болот. Биринчиси — ат майдандын жаны, экинчиси шаарга кире бериш жердеги эски аэродромдун орду.

Жаңылыктар түрмөгү
0