Чек ара кызматы диний китептерди чет өлкөгө алып барууда этият болууга чакырат

Жазылуу
Кыргызстанда ээн-эркин колдонулган айрым диний китептерге коңшу мамлекеттерде тыюу салынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды коңшу мамлекеттерге диний китептерди алып чыгууда этият болууга чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, коңшу мамлекеттердин чек ара кызматтарынын алардын өлкөсүнө тыюу салынган диний китептерди алып киргени үчүн КР жарандарына карата  административдик жана кылмыш иштерин козгогон учурлары катталган.

"Кыргызстанда эркин колдонулуп жаткан айрым диний адабияттар башка мамлекеттин ичинде тыюу салынышы мүмкүн. Алардын тизмеси расмий маалымат булактарында жарыяланган", — деп айтылат маалыматта.

Центральная мечеть имени Ибрахим ажы в городе Каракол - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда даават үчүн кимдер айыпка тартылышы мүмкүн? ИИМдин жообу
Мисалы Казакстандын Алматы облусунун Алакөл райондук сотунун чечими менен "Таблиги Жамаат" диний агымынын китептерине өлкө аймагында тыюу салынган. Тактап айтканда "Фазаил-а'мәл. Амалдардың құндылықтары", Мухаммад Саа'да Кандехлев жазган "Баяндардын жыйнагы" жана М. Юсуф Кандехлави менен М. Сад Кандехлави жазган "Хадистердин тандалмалары" китебин Казакстанда алып жүрүүгө, жайылтууга болбойт.

Бирок бул агымдын китептерине Кыргызстанда тыюу салынган эмес.

Андыктан чек ара кызматы жарандарга коңшу мамлекеттерге барар алдында кайсы диний адабияттарга тыюу салынганын тактап алуу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0