Салиева көчөсүнүн бир бөлүгү жабылгандыктан коомдук транспорттун багыты өзгөрдү

Жазылуу
Төрт маршрутка мурдагы багытын бир аз өзгөртөт.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Салиева көчөсүнүн Калинин көчөсүнөн Ауэзовго чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылгандыктан коомдук транспорттун багыты өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чүй проспектисинин бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн эки айга жабылат
Ага ылайык, №162 маршрутка эки тарапка тең Көлбаев, Ауэзов көчөсү аркылуу жүрүп, андан ары өзүнүн багыты боюнча каттайт.

Ал эми №131, 251 маршруткалар Калинин, Мичурин, Сельская (Ауэзов көчөсүнүн уландысы) көчөлөрү менен жүрүп, андан ары өз багытын улайт.

№ 172 маршрутка Көлбаев, Калинин, Шабдан баатыр менен жүрүп, андан ары өз багыты менен жүрөт.

Быйыл Бишкек шаарында бир катар көчөлөр оңдолуп жатат. Буга чейин Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, коомдук транспорттун каттамы өзгөргөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0