Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35 градус ысык болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн абанын температурасы 12…17, күндүз 29…34 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37 градус ысык болушу күтүлөт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25, Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0