Төрт жашында эки бөйрөгүнө таш толуп... 12 жыл оору менен алышкан Назбийке

Жазылуу
Гүлжамал Керимбаева учурда буту-бутуна тийбей кызына операция жасатуу үчүн акча издеп жүргөн кези. 16 жаштагы Назбийке бөйрөк, боор оорусу менен жабыркагандыктан дарыгерлер тез арада анын боорун алмаштыруу керек экенин айтышкан.

Операцияга 32 миң доллар керек деген эне коомчулукка кайрылып, кызынын өмүрүн сактап калууга жардам берүүнү өтүнүүдө. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, Назбийкенин дарты тууралуу кеп кылды.

— Кызыңыздын дартын кантип билип калдыңыз, көптөн бери ооруп жүрөбү?

Онкологиялык илдеттерди дарылоочу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыланууга 1,5 миллион сарптадым! Кыргызстандык бейтаптын санаасы
— Назбийке төрт жашынан бери оору менен алышып келе жатат. Ал 2,5 жашка чыкканда 17 жаштагы улуу балам жакшынакай жүрүп эле ооруп, бир күндөн кийин каза болуп калды. Андан мурун да эки жарым айлык балабыз чарчап калган. Баары кошул-ташыл болуп өзүмө келе албай көпкө чейин жүрдүм. Ошол кезде Назбийкенин илдетин көп деле этибар албаптырмын. Төрт жашында катуу ооруп, дене табы 40тан түшпөй кулады. Биринчи баламан кийин коркуп калган жаным дароо эле Бишкекти көздөй алып жөнөдүм. Калаага келип дарыгерлерге көрсөтсөк "ичи ооруп жатат" деп жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүштү. Ал жактан ийне сайып, капельница куюшса да дене табы түшпөй койду. Айласы кеткен дарыгерлер акыры УЗИге тартышты. Көрсө, кызымдын эки бөйрөгүнө таш толуп кетиптир. Бөйрөктөгү чоң таштар жылганда оорусу кармап жатыптыр. Заара кылган сайын майда таштар түшчү да. Андан кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жаттык. Дарыгерлер дарттын себептерин так аныктап бүткүчө эзилдик. Кыргызстандагы дарыгерлер "бөйрөктү алмаштыргыла" деди бирок лазердик аппаратка түшүш керек болуп Москвага барсак ак халатчандар анализдерин көрүп туруп "бөйрөктү алмаштырган менен кайра эле таш толо берет" деп чоң таштарын эле тазалап жөнөтүштү. Бишкекке келгенде оорусу кайра козголду.

Ошол учурда бир эже баласынын бөйрөгүн алмаштырганга Түркияга кетип жатыптыр "түрк дарыгерлерине көрсөтүп көрүңүзчү" деп анализдердин кагазын жөнөтүп жибергем. Түрк дарыгерлери "бул кыздын боорунан" деп айтыптыр. Кыргызстандын ак халатчандарына айтсам ишенбей жүрүп акыры боорго генетикалык анализ тапшыргыла деп Москвага жөнөттү. Элден эптеп акча сураштырып барып анализ берип келсек, "ата-энеси да тапшырыш керек" деген кат келиптир. Күйөөм экөөбүз карыздап акча таап кайра барып келдик. Көрсө, бул боордун тукум кууган оорусу экен, күйөөм жактан кан аркылуу келиптир. Боордо бир элемент жетпейт деген дарыгерлер аны алмаштырууну айтышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлжамал Керимбаева: айласы кеткен дарыгерлер акыры УЗИге тартышты. Көрсө, кызымдын эки бөйрөгүнө таш толуп кетиптир. Анда Назбийке төрт гана жашта болчу.
Гулжамал Керимбаева с дочерью Назбийке  - Sputnik Кыргызстан
Гүлжамал Керимбаева: айласы кеткен дарыгерлер акыры УЗИге тартышты. Көрсө, кызымдын эки бөйрөгүнө таш толуп кетиптир. Анда Назбийке төрт гана жашта болчу.

— Бөйрөгүчү?

— Башында экөөнү тең трансплантация кылыш керек деп жатышкан. Андан соң түрк дарыгерлер келип текшерип, бөйрөктүн функциясы жакшырып калганын айтышты. Эки жылдан бери буюрса жакшы, баягыдай жыгылбай калды. Бирок тезирээк боорду алмаштырбасак, бөйрөккө кайра күч келип, экөөнө тең донор издеш керек болуп калат.

— Боорун алмаштырганга ким донор болгону жатат?

Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум
— Дарыгерлер "бул тукум кууган оору болсо балдарыңардын башкасы да жабыркашы мүмкүн" деп донорду башка туугандардан караштырууну сунушташкан. Бирок ким эле азыр баласын берсин. Айлам кетип улуу кызыма айтып көрдүм. Ошол учурда ал Москвада иштеп жүргөн, анализ тапшырса таза чыгыптыр. "Камсанабаңыз, мен донор болом" деп жүрөгүмдү ылдыйлатты. Азыр ал турмушка чыгып, төрөгөн. Үч айлык баласы бар. Биздин акча чогулуп калгыча баласы чоңоюп калаар. Жолдошу да макулдугун берген.

— Операцияны кайдан, канча сомго жасатканы жатасыздар?

— Түркияда 60 миң долларга чейин жасалат экен. Учурда Индиядагы бир клиника менен 32 миң долларга сүйлөштүк. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлжамал Керимбаева: бул боордун тукум кууган оорусу экен, күйөөм жактан кан аркылуу келиптир. Тезирээк боорду алмаштырбасак, бөйрөккө кайра күч келип, экөөнө тең донор издеш керек болуп калат.
16-летняя Назбийке Керимбаева - Sputnik Кыргызстан
Гүлжамал Керимбаева: бул боордун тукум кууган оорусу экен, күйөөм жактан кан аркылуу келиптир. Тезирээк боорду алмаштырбасак, бөйрөккө кайра күч келип, экөөнө тең донор издеш керек болуп калат.

— Каражаттын канчасы чогулуп калды?

— Бул оңой эмес акча экен. Мен кызым менен ооруканалап жүрүп үйдө элемин, күйөөм болсо такси айдап иштейт. Ал акча батирге, күнүмдүк тамак-ашка кетет. Каражат издеп Ак үйгө чейин кирип чыктым. Кызымдын сүрөтү менен кайрылуу баракчаларды эл көп жүргөн жердин баарына таратып атам. Күзгө чейин акчабыз чогулуп калса жакшы болот эле. Бөйрөгү жакшы иштеп жатканда боорун алмаштырып алсак деп кызымдын амандыгын Кудайдан тилеп отурам. 

— Батирде жашайсыңарбы?

— Өзүбүз Ысык-Көлдүн Тамчы айылында турчубуз. Кызым минтип катуу ооругандыктан дарыгерлерге жакын бололу деп шаарга келгенбиз. Батирде жашайбыз.

(Ортодо Назбийке менен да сүйлөшүп калдык)

— Окууларың кандай?

— Жакшы, быйыл 9-классты аяктадым. Мугалимдер абалымды түшүнүп мамлекеттик экзаменден бошотушту. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКелечекте дизайнер болууну самаган Назбийке
Келечекте дизайнер болууну самаган Назбийке - Sputnik Кыргызстан
1/2
Келечекте дизайнер болууну самаган Назбийке
© Фото / Назбийке Керимбаева Гүлжамал Керимбаева: улуу кызым донор болот. Бирок анын үч айлык баласы бар
Гүлжамал Керимбаева: улуу кызым донор болот. Бирок анын үч айлык баласы бар - Sputnik Кыргызстан
2/2
Гүлжамал Керимбаева: улуу кызым донор болот. Бирок анын үч айлык баласы бар
1/2
Келечекте дизайнер болууну самаган Назбийке
2/2
Гүлжамал Керимбаева: улуу кызым донор болот. Бирок анын үч айлык баласы бар

— Төрт жашыңан бери ооруканалап жүрүп тажасаң керек…

— Оорукана менин экинчи үйүм болуп калды окшойт. Үч ай сайын жатып текшерилип турам. Ал жактан тапкан досторум да көп.

— Келечекке кандай ой-кыялдарың бар?

— Келечекте дизайнер болгум келет. Азыр эскиздерди тартып, дүйнөлүк дизайнерлердин коллецияларын көрүп үйрөнүп жатам. Алдыга койгон пландарым көп.

(Апасы кызынын кыялдары менен бөлүшүп жатканын угуп жашыды)

— Көңүлүн оорутуп, ыйлабаганга аракет кылам, анан ушинтип кармана албай кетип жатпаймынбы.

Жаңылыктар түрмөгү
0