Окумуштуулар апельсиндин көздүн чел кабыгына тийгизген оң таасирин айтышты

© Sputnik / Дадвадзе / Медиабанкка өтүүЦитрусовые гибриды
Цитрусовые гибриды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апельсин менен башка цитрус өсүмдүктөрүнүн курамындагы табигый антиоксиданттар келемиштердин көрүүсүн жакшыртканы байкалган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Күнүнө жок дегенде бирден апельсин жеп туруу көздүн чел кабыгын коргоп, көрүүгө байланышкан башка дарттын алдын алат. Бул тууралуу макаланы Сидней университетинин медиктери American Journal of Clinical Nutrition журналына басып чыгарышты. 

"Күн сайын болбосо да бир жумада бир жолу цитрус өсүмдүктөрүн жеген киши көрүүсү кыйла жакшырганын байкай алат. Чогулган материалдардын жыйынтыгы боюнча апельсиндин жумшагы менен кабыгындагы флавоноиддер чел кабыкты сактап калары белгилүү болду", — дейт иликтөөгө катышкан университеттин өкүлү Бамини Гопинат.

Пенсия в Франции - Sputnik Кыргызстан
Карылыктын дарысы табылды, бирок анын адамга жарар-жарабасы белгисиз
Бүгүнкү күндө окумуштуулардын басымдуу бөлүгү диета менен айрым бир азыкты тамакка пайдалануу адамдын салмагына эле эмес, анын мээсинин, кан тамырларынын, жүрөк жана башка негизги орундардын иштөөсүнө катуу таасир этерин айтып келишет. Мисалы, дайыма зайтун майын колдонуп, деңиз азыктарын жегендер инсульт менен инфаркт дартынан оолак болот экен. Ал эми тузду көп пайдалангандар тескерисинче жүрөктүн иштешин солгундатат.

Гопинаттын айтымында, кесиптештери менен бир нече жыл мурун апельсин менен башка цитрус өсүмдүктөрүнүн курамындагы табигый антиоксиданттар келемиштердин көрүүсүнө оң таасир тийгизе турганын байкаган. Бул нерсе адамдарга да тажрыйба жасап көрүүгө түрткү болгон. Экспериментке акыркы 15 жыл Австралиянын шаарларында жашаган тургундар катышкан.

Иликтөөгө ылайык, күнүнө жок дегенде бирден апельсин жеп туруу чел кабыктын дегенерацияга кабылуу кооптуулугун 60 пайызга азайтып, оорунун алдын алары аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0