Турмушка чыксам дейм, бирок үч кызым менен батамбы? Келиндин тагдыры

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области
Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бу жолку чыгарылышында күйөөдөн үч кызы менен калган келиндин тагдыры баяндалат.

23 жашымда өзүмөн эки жаш кичүү балага турмушка чыктым. Аны сүйүү деп айтууга болобу же болбойбу билбейм. Артымдан ээрчип "сүйүү жашка карабайт" деп жатып алган. Кайын-журтум деле каршы болгон жок, баары менен тил табышып жашап кеттик. Улуу кызыбыз төрөлүп бир жашка чыкканда шаарга иштегени келдик. Мен тигүү цехине, ал кароолчу болуп жумушка орноштук. Тикмечилердин жумушу керелди-кечке бир бөлмөдө баш көтөрбөй иштемей эмеспи. Кечинде үйгө барып эле жыгылам. Күйөөм жумушка кечкисин да кеткендиктен кээ күндөрү келбей калчу. Ошентип күнүмдүк бүтпөгөн көр оокат менен күрөшүп жатып дагы эки кыздуу болдук. Жолдошумдун жумушу бир күн болсо, бир күн жок. Кароолчу болуп кафеден, бассейнге чейин иштеп жүрдү. Ал жактан да тажаганда үйдө отуруп калды. Жок дегенде мен иштеп турайын деп жанталашып күнү-түнү кийим тиктим. Жөнөтөбүз дегенде кээде түнү менен жумушта калчубуз. Анымды күйөөм түшүнбөй кызганып ар кимге жабыштырып, айламды кетире баштады. Ишенбесең жаныма иште дедим айлам кетип. Өзүм бутумду тарта албай араң келсем тиги мээмди жейт. Күн сайын урушканы көбөйүп, кийинчерээк кол көтөрө баштады. Кээ күндөрү балдар уктаганда сабап, чуу чыгарат. Акыркы күндөрү ал кызганып сабай берип, психологиялык жактан ооруп калдым.Психотерапевтке барып болгон окуяны айтып берсем "андай адам менен жашаш оор" деди. Чындап эле эмне кылышты билбей калгам. Өзү да чоң неме болчу, бир күнү жыга чаап өлтүрөбү деп корко баштадым. Акыры ал үйдө жокто кыздарымдын кийим-кечесин чогултуп алып үйдөн качып кеттим. Кийин алдыман чыгып майып кылып салбаса экен деп көпкө чейин коркуп жүрдүм. Андан бери эки жыл өттү.

Женщина с ребенком - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн экинчи аялы бар экенин билгенде... Келиндин каты
Азыр калаадагы тигүү цехтеринин биринде иштейм. Үч кызымды тапкан акчам менен эч нерседен кем кылбай багып жатам. Каралашаар апам бар. Тытынып иштеп жатып күн менен түн кандай өтүп жатканын билбей деле калгам. Бир күнү туугандар аркылуу бир бала менен таанышып калдым. Сыягы тааныштарыбыз ага мен тууралуу айтса керек. Үч кызың болсо сени алам деп бирөө деле карабайт да деп ал балага көңүл деле бурган жокмун. Бирок анын мага болгон камкордугу, кыздарыма жасаган мамилеси жага баштады. Мамиле куруп баштаганыбызга беш айга чукулдап калды, жакында эле колумду сурады. Күтүүсүз болду. Анын үстүнө ал бала мага чейин турмуш курган эмес экен. Жаш баланын башын айлантып алгансып өзүмдү аябай жаман сезип жүрдүм. "Бул тууралуу ата-энең укпасын. Үч балалуу келинди эмне кыласың, башка жайнаган жапжаш кыздар жүрөт" десем болбой койду. Ата-энесине түшүндүрүп айтаарын билдирип, кыздарды өз кызындай багып аларын айтты. Ойлонуп көрөм деп коюп кетип калдым.

Чынын айтсам мен ал баланы жакшы көрөм. Бирок "сүйдүм" деп ага турмушка чыга албайм. Себеби менин үч кызым бар. Аларды бирөөгө кор кылып, башканын көзүн караткым келбейт. Жаңы барган жерим мени жактырса да үч кызымды жерип, өгөйлөп турса эмне кылам. Колумду сурап жаткан баланы да кыя албай жатам. Анткени ал бизге жакын адамдай болуп калды. Азыр санаам санга бөлүнүп эмне кыларымды билбей дендароо болуп жүргөн кезим.

Кеңеш Усенов, психолог

Аялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративндик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум балдардын көзүнчө сабайт, коркутат... Кантип ажырашам?!
Бу келинге "күйөөгө тий же тийбе" деп эч качан кеңеш бере албайбыз. Анткени биринчиден биз ал баланы көргөн эмеспиз, анын кандай адам экенин дагы билбейбиз. Кийин бирөөнө "сен тий дегенсиң же тийбе дегенсиң" деп милдет кылбаш үчүн өзү чечим чыгарышы керек. Ал үчүн колун сурап жаткан баланын жүрүш-турушун байкасын, досторунан, балким тааныштарынан анын кандай адам экенин сураштырсын. Айрымда үйлөнгөнгө чейин аябай жакшы киши болуп, андан соң өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Кыздарына кылып жаткан мамилеси чын жүрөктөн жасалып жатканын байкасын. "Балдарымды батырабы?" деп ойлонгону деле туура, бирок эгер экөөнүн мамилеси чындап эле бекем болуп, бала жакшы болсо ал деле негизги ролду ойнобойт. Азыр баласы жок деле ажырашып кеткендер, үч эмес беш баласы менен деле жакшынакай тил табышып жашап жаткан бүлөлөр толтура эмеспи.

Бул жерде башкысы келин өзү баарын байкап, иликтеп, изилдеп көрсүн. Анткени азыр ал жаш эмес, анын үстүнө биринчи турмушунан да көп кордук көрүптүр. Жаш кыздардай "сүйүп калдым" деп көзүн май бастырбай баарын таразага салсын. Ошондой эле бала ата-энесине айтып көргөндөн кийин алардын реакциясын байкасын. Айтор, бул жерде убакыт керек. Өзүнүн ата-энеси менен сөзсүз сүйлөшүп, кеңешсин. Себеби алардын баары бир турмуштук тажрыйбасы деген бар, көптү көргөн көрөгөч болушат. Кыргызда "жети өлчөп бир кес" деген жакшы сөз бар. Андыктан сабырдуу, чыдамдуу болуп баарын акыл менен чечиңиз деп кеңеш берет элем. Чечкиндүү болуңуз!

Жаңылыктар түрмөгү
0