Бишкекке жакын жерден чиркегичи жалындап бара жаткан тракторду тартып алышты. Видео

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүФермерское хозяйство по разведению кроликов в Краснодарском крае
Фермерское хозяйство по разведению кроликов в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук милициясы маалыматты текшерип жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Виноградное айылына чиркегичи алоолонуп өрттөнгөн трактор айылды аралап өткөн учуру тартылган видеону OMKS Instagram-порталы жарыялады.

Видеодо трактордун чиркегичинде алоолонуп күйүп жаткан таңгакталган чөп экенин көрүүгө болот. Айдоочу трактордун капталына чыгып алып аны башкарып бара жатат.

Чүй облустук милициясы бул маалыматты текшерип жатканын билдирди. Ал эми өрткө каршы күрөшүү кызматы 10-июлда чиркегичте өрттөнгөн чөп боюнча билдирүү түшпөгөнүн айтты.

Көчөдө күйүп бараткан тракторду башка күбө дагы тартып алып интернетке жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0