Таза сууга жетпеген бишкектиктер кимге кайрылса болот? Номерлер

© пресс-служба мэрии города БишкекНехватка питьевой воды в новостройках"Арча-Бешик" и "Ак-Ордо"
Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэриясы суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн ушул айдын аягына чейин "Орто-Алыш" суу тосмосун ишке киргизүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Бишкексууканалы" ишканасы "Ынтымак" жана "Арча-Бешик " жаңы конуштарына ичүүчү суу ташып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, акыркы күндөрү аба ырайы өзгөчө ысык болуп жатканына байланыштуу шаарда суу көбүрөөк талап кылына баштады. Мындан улам "Ынтымак" жана "Арча-Бешик" жаңы коштарынын жогору тарабында таза суу тартыштыгы жаралды.

"Бишкексууканалы" ишканасы аталган конуштарга үч унаа менен суу ташып жатат. Суу таратылчу дарек жана убактысы боюнча тургундар маалымат алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ичүүчү сууга муктаж болгондор төмөндөгү телефондорго чалса болот:

— 0312 56-03-20, 56-18-55 "Бишкексууканалы" ишканасынын күнү-түнү иштеген диспетчерлери;

— 0708 70-83-20 "Арча-Бешик" жаңы конушу боюнча аймактык башкармалыгы;

— 0559 37-77-47 "Ынтымак" жаңы конушу боюнча аймактык башкармалыгы;

— 0551 16-08-83 "Ак-Ордо", "Ак-Өргө" жаңы конуштары боюнча аймактык башкармылыгы.

Шаар мэриясы суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн ушул айдын аягына чейин "Орто-Алыш" суу тосмосун ишке киргизүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0