Бишкектин автобустарында аялдамалар айтылып турмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта №42 каттамдагы автобустарга унаа кайсы аялмамага жетип калгандыгын айтып турган жабдуу орнотулду.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы автобустарда мындан ары аялдамалар айтылып турат. Пилоттук долбоор 12-июлдан тарта башталганын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул тапта №42 каттамдагы автобустардын жүргүнчүлөрү унаа кайсы аялдамага жетип калгандыгын билип жатат.

"Маалымат кыргыз жана орус тилдеринде айтылмакчы. Үн билдирүү автобустун ичине орнотулган атайын жабдуу аркылуу айдоочунун катыштыгы жок эле автоматтык түрдө берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, жакынкы арада шаардагы бардык автобустар менен троллейбустарга аталган жабдуу коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0