Белоруссияда Кыргызстан менен көчмөндөр оюну боюнча көп айтылмакчы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүВторые Всемирные игры кочевников. Национальные виды борьбы
Вторые Всемирные игры кочевников. Национальные виды борьбы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тарап Белоруссия журналисттерин көчмөндөр оюндарына чакырды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосунда маалымат алмашуу боюнча келишимге кол коюлду.

Бул туурасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти. 

Документке Белоруссиянын маалымат министри Александр Карлюкевич менен КРдин маданият, маалымат жана туризм министри Айнура Темирбекова кол койду. 

Маалыматта эки тарап саясий, экономикалык жана маданий турмушу боюнча маалымат алмашып тураары айтылды. 

"Эки мамлекеттин теле каналдары өз ара кызматташат. "Кабар" жана БелТА мурдатан бери эле кызматташып келет", — деди Темирбекова. 

Белоруссиянын маалымат министри Кыргызстан туурасында кызыктуу арбын маалыматтарды алууга кызыкдар экендигин айтты. 

Ал макулдашуунун алкагында эки тараптын журналисттери катышкан пресс-тур уюштуруларын кошумчалады. 

Кыргыз тарап Белоруссия журналисттерин көчмөндөр оюндарына чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0