Сания Шакированын апасы: кызымдын колун сураган жигит үй-бүлөлүү экен

© Фото / Айжан НурланбековаЖол кырсыгында каза болгон "Дүйнөнүн сулуу айымы" наамынын ээси Сания Шакирова. Архив
Жол кырсыгында каза болгон Дүйнөнүн сулуу айымы наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сания Шакирова кырсыктап каза болгон унаанын 31 жаштагы Ч.К. аттуу айдоочусунун үй-бүлөлүү экени аныкталды. Келинчеги жакында эле көз жарган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук соту "Дүйнөнүн сулуу айымы" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыктап каза болгон унаанын 31 жаштагы Ч.К. аттуу айдоочусун үй камагына чыгарып жиберген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Шакированын апасы Насиба Мамбеталиева билдирди.

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай машина мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон.

Айдоочу кырсык болгон учурда мас болгону аныкталып, эки айга камакка алынган.

Мамбеталиева мындай чечим чыкканын кечээ эле укканын айтты.

"Кызымдын кыркылыгын өткөрүп коюп кечээ Бишкекке келгем. Айдоочу эркиндикке чыгыптыр деп уктум. Дароо кан басымым көтөрүлүп кетти. Ага чейин тергөөчүгө төрт-беш күн мурун чалсам албай койгон. Кечээ сүйлөшсөм ал "райондук соттун чечими менен эки айга камалган. Алар облустук сотко чыкса облустук сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алыптыр" деп айтты. Бул бала анчалык үй шартында дарылангыдай оор деле жаракат алган эмес. Окуядан кийин үч күндөн соң соттук отурумга айдоочу жакшынакай эле келип катышкан. Облустук сот жок дегенде мага бир ооз чалып кабардар кылып коюшу керек болчу да. Демек, бул жерде сүйлөшүү болгон. Ишти тергөөчү кызымдын кыркылыгына чейин чалып байланышканымда "айдын аягына чейин бүтүрөм" деген, кечээ "дагы сурай турган адамдар бар" деп койду. Булар атайын эле убакытты созуп жатышат окшойт", — деди маркумдун апасы.

Мамбеталиева окуя кырсык делгени менен айдоочу мас абалында, жол эрежесин сактабай айдаганы үчүн жазасын алышы керек деп ойлойт.

Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакированын апасы Насипа: неберем энесин издеп ыйлап жатат
"Кызымдын артында үч баласы калды. Ар бир айдоочу унаадагы жүргүнчүгө жоопкерчиликтүү болот. Унаадагы дагы бир жүргүнчү жакшынакай эле басып жүрөт. Ал көрсө айдоочунун жездеси экен. Жалгыз эле күбө ошол болсо чынында эле эмне болгонун тууганы болсо айтпайт да. Анын үстүнө айдоочу үй-бүлөлүү, үч баласы бар экен. Буга чейин анысын мен билбептирмин, укканда ого бетер жүрөгүм ооруду. Саниянын кыркылыгына жетпей айдоочу баланын апасы кечирим сурап келиптир. Ошондо мен ага "көрсө сиздин бала үй-бүлөлүү, үч баланын атасы турбайбы" десем ал "ой, келиним келип-кетип тажатты. Экөө кыйратып деле жашабайт, балам мен Кытайга кетээрдин алдында аны менен ажырашам деп жаткан, Кытайдан келгиче бул окуя катталыптыр" деп айткан. Көрсө ал бала деле расмий түрдө ажыраша элек экен. Жакында эле келинчеги көз жарыптыр", — деди Мамбеталиева.

Шакированын энеси буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде унаанын айдоочусу, Ч.К аттуу бала кызынын колун сурап жүргөнүн айткан эле.

Ысык-Көл облустук сотунун маалымат катчысы Гүлзада Ашырбаева Ч.К аттуу айдоочунун үй камагына чыгарылганын тастыктап, себептерин түшүндүрүп берди.

"Облустук сот тарабынан Ч.К аттуу жаранды 2018-жылдын 7-июлунан 3-августуна чейин үй камагына чыгаруу боюнча чечими чыккан. Бул жерде айдоочунун оорусу, үй-бүлөлүк абалы эске алынып, ушундай жыйынтык чыкты. Себеби Ч.К аттуу балага Бишкек Трамватология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда акырегине операция жасалып, дарыгерлер ага жакшылап дарыланууну айткан. Ошондой эле айдоочунун жашы жете элек үч баласы бар экен. Үйдө иштеп баарын баккан ушул киши болуп жана буга чейин соттолбогондуктан ал убактылуу үй камагына чыгарылды", — деди Ашырбаева.

Маалымат катчы айдоочуга кылмыш иши козголгондуктан тергөөчү менен соттун макулдугусуз чет жакка чыга албай турганын кошумчалады.

Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Буга чейин Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу КР ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү-2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан үч ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек куруп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0