Жээнбеков Айтматовдун айылы Шекерге барат

Жазылуу
Өлкө башчы маданий-тарыхый мемориалдык "Чыңгыз Ордо" комплексинин курулушун көрөт.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Таласка кетти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын алкагында Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, маданий-тарыхый мемориалдык "Чыңгыз Ордо" комплексинин курулушун көрөт.

Мамлекет башчы, андан сырткары, Таластагы агрардык, социалдык тармактагы жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0