ӨКМ: Бишкек менен Чүй облусунда бир сааттын ичинде катуу шамал болушу ыктымал

© AP Photo / Felix Hoerhager/dpaДарактын кулап калган бутактары. Архив
Дарактын кулап калган бутактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө күн күркүрөп нөшөрлөп жаан жаайт.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында ылдамдыгы саатына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, түндө күн күркүрөп нөшөрлөп жаан жаашы да мүмкүн.

Эске салсак, жума башында күндүз 40 градуска чейин жеткен ысык болгон. Кыргызгидромет жума ичинде 40 градуска жеткен ысык болбой турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0