13:41 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
ЖКККББ инспекторлору менен дарыгерлер Жайыл районундагы Сосновка постунда жол жүрүп бараткан айдоочуларды токтотуп, эс алуу сунуштап жатышты.

Инспекторлор менен медиктер айдоочуларды токтотуп суусун сунушту. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
Коом
Кыскача шилтеме алуу
181 0 0

Акция 11-июлда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда өткөн.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлору менен дарыгерлер Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жол жүрүп бараткан айдоочуларды токтотуп, эс алуу сунуштап жатышты. Акция тууралуу ЖКККББ кабарлады.

Маалыматка ылайык, акция 11-июлда өтүп, анын алкагында 60ка чукул автоунаа токтотулган.

  • Инспекторы УОБДД и медики останавливали водителей на посту Сосновка
    Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлору менен дарыгерлер Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жол жүрүп бараткан айдоочуларды токтотуп, эс алуу сунуштап жатышты.
    © Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
  • Инспекторы УОБДД и медики останавливали водителей на посту Сосновка
    Акция 11-июлда өтүп, анын алкагында 60ка чукул автоунаа токтотулган.
    © Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
  • Инспекторы УОБДД и медики останавливали водителей на посту Сосновка
    Эгер айдоочу чарчаңкы тартса, кан басымы көтөрүлүп, суусап турса, дарыгерлер бир азга эс алууну сунушташты.
    © Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлору менен дарыгерлер Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жол жүрүп бараткан айдоочуларды токтотуп, эс алуу сунуштап жатышты.

"Күндүн катуу ысып жана жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам өлкөнүн түштүк тарабына сапар алгандарды медициналык кароодон өткөрүүнү чечтик. Анткени жолдогу аварияларга көп учурда айдоочулардын чарчоосу же өзүн начар сезиши себеп болот", — дешти милициядан.

Эгер айдоочу чарчаңкы тартса, кан басымы көтөрүлүп, суусап турса, дарыгерлер бир азга эс алууну сунушташты. Инспекторлор менчик унааларды да, жүк ташуучу унааларды да токтотсо, доктурлар айдоочуларды эле эмес, унаа ичиндеги элди да бир сыйра текшерип чыкты.

Тема боюнча

Жол инспекторлору Чүй менен Көлдүн кайсы жеринде турат? Посттордун тизмеси
Саратанда кимге көлгө барууга болбойт? Ысык-Көлдөгү 7 кооптуу көрүнүш
Белгилер:
акция, жүргүнчү, айдоочу, Суу, дарыгер, инспектор, Чүй району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ