Диабеттен айыктыбы? "Уктап" кетип кырсыктаган инспектор дагы деле иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери быйыл январь айында жол кырсыгына кабылган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Быйыл январь айында кырсыктаган Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери мурдагы ордунда эле иштеп жатканын облустук ЖКККБдин маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жол кырсыгы Араван районундагы Араван айылында катталып, инспектор машинасы менен дубалды барып сүзгөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал эсин жоготкон абалда машинанын ичинде жаткан. Мас болушу мүмкүндүгү да кошумчаланган. Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы милиционердин канынын курамындагы канттын көлөмү дароо көтөрүлүп кеткендиктен эсин жоготконун билдирген. Аталган факты боюнча кызматтык тергөө жүргүзүлүп, ошол учурда ал кант диабети менен жабыркап жүргөнүн медициналык кароо учурунда жашырып-жашырбаганы да текшерилип жаткан. Анткени олуттуу дарт менен жабыркагандар милициянын катарында иштей албайт. 

© Фото / пресс-служба ГУОБДДЖол кырсыгына кабылган инспектор
Работник ошского УОБДД попал в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгына кабылган инспектор

Туристов из Казахстана преследовал милиционер на BMW. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык туристтердин артынан түшкөн BMW. Бишкектин четинен тартылган видео
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынинанын айтымында, инспектордун канындагы канттын көлөмү стресстен же катуу чарчагандыктан көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Дарыгер ошондой эле кант диабетин өз маалында аныктоо кыйын экенин кошумчалады.

Теңизбаев билдиргендей, кырсыктаган инспектор 20 күндөй ооруканада дарыланып, учурда мурдагы жумушунда иштеп жатат.

Ал ошондой эле кандын курамындагы канттын көлөмү кескин көтөрүлүп кетип жол кырсыгына кабылды деген инспектор кайсы негиз менен кайра иштеп жатканы боюнча кийин толук түшүндүрмө берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0