Куш менен салбурунга катышкандарга 250 миң сом айып салынышы мүмкүн. Сүрөт

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүКуш. Архив
Куш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Браконерликке каршы өткөн рейдде административтик протокол түзүлдү.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургуну Кызыл китепке кирген жырткыч канаттуу менен колго түштү. Бул тууралуу Бул тууралуу NABU айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда браконерликке каршы рейд өттү.

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургуну Кызыл китепке кирген жырткыч канаттуу менен колго түштү
Антибраконьерский рейд в селе Таш-Кыя - Sputnik Кыргызстан
Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургуну Кызыл китепке кирген жырткыч канаттуу менен колго түштү

"Аңчылык департаментинин Каракол шаарындагы кызматкерлери Кызыл китепке кирген кара ылаачын кушун колго баккан жаранды кармады. Колго түшкөн адам кушту достору белекке бергендигин айтып жана аны менен салбурун фестивалына катышууга ниеттенип жаткандыгын айткан. Андан сырткары, түлкү жана кашкулактын чыргалары табылды. Аларды кушту таптоодо колдонуп келген", — деди Эсенбаева.

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)Кара ылаачын — алгыр куштардын түрүнө кирип, тез учкан канаттуулардын катарын толуктайт
Антибраконьерский рейд в селе Таш-Кыя - Sputnik Кыргызстан
Кара ылаачын — алгыр куштардын түрүнө кирип, тез учкан канаттуулардын катарын толуктайт

Адис жапайы канаттууну үй шартында кармаган жаранга карата административтик протокол түзүлүп, 250 миң айып салынышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Кара ылаачын — алгыр куштардын түрүнө кирип, тез учкан канаттуулардын катарын толуктайт. Ал саатына 322 чакырымды басып өтөт же секундасына 90 метр ылдамдыкка чейин уча алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0