Манас проспектисинин дагы бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат

Жазылуу
11-июлдан тарта Манас проспектисинин Токтогул жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабылып, оңдоо иштери августтун аягына чейин уланат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Манас проспектисинин Чүйдөн баштап Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитеттин берген маалыматына караганда, реконструкция жаңы технологиянын негизинде жасалып, оңдоо иштери эки жумага созулган.

"Эми 11-июлдан тарта Манас проспектисинин Токтогулдан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, оңдоо иштери 30-августка чейин уланат. Бирок Токтогул, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот", — деп жазылат маалыматта.

Мэрия бул жылы Манас жана Айтматов проспектилеринин Семетей көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү толугу менен оңдолорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0