07:54 14 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8447
  • EUR79.5147
  • RUB1.0542
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билети

Көчмөндөр оюнуна билетти кайдан жана канчадан сатып алууга болот?

© Sputnik / Нуржан Найзабекова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
910 0 0

Билеттер канчадан сатылып жатканын маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова айтып берди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билети сатыкка чыкканын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, билеттер иш-чаранын ачылышы менен жабылышына гана сатылат.

"Ачылыш аземинде билеттердин баасы 300 сомдон 4900 сомго чейин жетет. Жабылыш салтанатына билеттерди 300 сомдон 3800 сомго чейин сатып алса болот. 300 сомдук билеттер кымбат билеттердин ордунан көп деле айырмаланбайт. Бардык жерден стадион жакшы көрүнөт. Алды жакта чоң экран коюлуп, сахнада болуп жаткан нерсенин бардыгы көрсөтүлөт", — деди Темирбекова.

Оюндун салтанаттуу ачылышы 2-сентябрда саат 20:00дө, жабылышы 8-сентябрда саат 20:00дө өтөт.

Билеттер "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын Бишкек, Ош жана Чолпон-Атадагы бөлүмдөрүнүн кассаларында сатылууда.

Темирбекова ошондой эле жакында билет сатып алууга ыңгайлуу болгон тиркеме иштеп баштарын кошумчалады.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көчмөндөр оюндарынын медалынын дизайнына конкурс жарыяланды
Кыргыз жыттанат! Көчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды
Максутов: Көчмөндөр оюндарында эл аралык эпостор фестивалы өтөт
Белгилер:
билет, баа, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Айнура Темирбекова, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ