Көлдө тонолгон россиялык журналисттин жакындары көрсөтмө берип чыкты

Жазылуу
Милиция бөлүмүнө баргандар ал жакта эки сааттай болгон.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радио берүү компаниясынын (ВГТРК) Кыргызстандагы өкүлү Виктор Ткаченко эки кызы менен түндө болгон тоноо боюнча милицияга сурак берип чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Алар көрсөтмө берүү үчүн милиция бөлүмүнө чакырылган. Анткени кичүү кызы ууруларды көрүп, артынан куугандыктан анын көрсөтмөсү керек болчу", — деди Усубакунов.

Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эс алууга кеткенде үйдү кантип тонотуп ийбеш керек? Милициянын кеңеши
Өз кезегинде Ткаченко Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү милиция ыкчам аракеттерди көргөнүн айтты.

"Алар дароо келип, окуя болгон жерди карашып, бизди көрсөтмө берүү үчүн милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жакта эки сааттай болдук", — деди Ткаченко.

Ал ошондой эле укук коргоо органдары ыкчам аракеттерди көрүп, шектүү кишини түзүлгөн фоторобот боюнча издөөгө алганын кошумчалады.

Буга чейин маалымдалгандай, алардын мейманканасына 9-июлдун түнүндө белгисиз бирөөлөр терезеден кирип, акчасын, баалуу буюмдарын жана документтерин алып кеткени кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0