Бишкектин талкаланган көчөлөрүнүн бири оңдолууда

© Sputnik / Табылды КадырбековРемонт дороги в городе Бишкек
Ремонт дороги в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери 30-августка чейин уланары айтылды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектин Баялинов (мурунку Ленинград — ред.) көчөсүнүн бөлүгү жабылганын Капиталдык курулуш башкарамалыгына таянуу менен шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн көчөнүн Исановдон Махатма Ганди көчөсүнө чейинки бөлүгү өтөт.

"Ремонт иштеринин алкагында жолдун асфальты алмаштырылып, тротуар салынат. Жаңы бордюрлар орнотулуп, жол белгилери коюлмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Оңдоо иштери 30-августка чейин уланары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0