Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү кайда качан коюлары айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков70-летие победы Великой Отечественной Войны
70-летие победы Великой Отечественной Войны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу инсан 7-июль күнү каза болду.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун тажыясы 9-июлда өтүп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Үч-эмчек айлында жерге берилет. Бул тууралуу кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров билдирди.

Эскерте кетсек, улуу инсан 7-июль күнү узакка созулган оорудан кийин 69 жашында дүйнө салган.

Мендебаировдун айтымында, маркумдун зыйнатын кичи мекенинде өткөрүү үй-бүлөсү жана жакындарынын чечими болгон.

Сөөк саат 10.00дө чыгарылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0