Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда ойноп жаткан балдар. Архив
Фонтанда ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Ага ылайык, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ишемби күнү, 7-июлда Чүй менен Таласта түнкүсүн 14…20 градус, күндүз 33…39 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 17…22 градус жылуу болсо, күндүз 34…39 градуска чейин көтөрүлөт.

Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кооптуу жыландар пайда болдубу? ӨКМ жооп берди
Нарын менен Ысык-Көлдө түндө 8…15 градуска чейин жылуу болсо, күндүз Ысык-Көлдө 26…31, Нарында 28…33 градус ысык болот.

Жекшемби, 8-июлда түндө Чүйдө 17…22, Таласта 14…19 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 18…23 градус, күндүз күндүн табы 35…40 градуска чейин жетет.

Ысык-Көлдө түндө 11…16, Нарында 9…14 градус жылыйт. Күндүз Ысык-Көлдө 27…32 градуска чейин ысыса, Нарын облусунда 31…36 градуска дейре ысык болот.

Бишкек шаарында ишембиде түндө 17…19 градус, күндүз 36…38 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында болсо түндө 20…22 градус жылуу болуп, күндүз 36…38 градуска ысыйт.

Жекшемби, 8-июлда Бишкек шаарында түндө 18…20 градус болсо, күндүз 40 градуска чейин ысык болот. Ошто түндө 21…23 градус жылуу болуп, күндүз 37…39 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөгү суунун температурасы 19 градустан түшпөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0