Нарынга милициянын автоунаасынын макети коюлду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУОБДДНарын облусунун Оттук айылындагы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна кайгуул милициясынын машинасынын макети коюлду
Нарын облусунун Оттук айылындагы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна кайгуул милициясынын машинасынын макети коюлду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макет эски "Москвич" автоунаасынан жасалган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Оттук айылындагы Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна кайгуул милициясынын машинасынын макети коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГУОБДДОбъемный макет патрульной машины на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт
Объемный макет патрульной машины на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Объемный макет патрульной машины на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт

Ага ылайык, макет Нарын облустук ЖКККБнын демилгеси менен эски "Москвич" автоунаасынын кузовунан жасалган. Ал айдоочулар машинаны катуу айдаган жерге өткөн айдын аягында атайын коюлган.

Облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришкендей, макет өз "милдетин" мыкты аткарып жатат. Айдоочулардын көбү бел жерге келгенде машинасын акырын айдап калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0