Кыз ала качкандар эми кантип жазаланат? ИИМ жаңы мыйзам долбоорун сунуштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи ала качуу в КР
Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ буга чейин деле кылмыш жоопкерчилиги болгонуна карбай, кыз ала качуу уланып келгенин айтат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги бойго жете элек кыз менен никеге турган жана ала качууга баргандарга карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. 

Документ өкмөттүн сайтына жарыяланган.

Эске салсак, ала качуудан соң милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмүнөн кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМге 1-июлга чейин үй-бүлөгө каршы зордук-зомбулук боюнча жазаны күчөтүүнү тапшырган.

Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Жеңелер кармап берип зордуктаткан. Ала качууга тушугуп, кордолгон 7 келиндин окуясы
Даярдалган документте кыз ала качуу акыркы 20 жылдын ичинде коомчулукта жана өлкө ичинде гана талкууланбастан, эл аралык деңгээлде нааразычылык жаратып жатканы айтылат.

Маалыматка караганда, 2013-2018-жылдары кыз ала качуу боюнча 895 учур катталса, анын 727сине (81,2 пайыз) кылмыш иши козголгон эмес. Калган 168 учурда (18,7 пайыз) кыз уурдагандар мыйзам алдында жооп берген.

Мыйзам долбоорунда 17 жашка чыга элек кызды кыйнап никеге тургузган жаран 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөп же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажырашы кереги айтылат. 

Ал эми 17ге чыга элек өспүрүмдү ала качып алгандарды беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратып, мындан тышкары, 100-200 миң сом айып төлөтүү каралып жатат.

Ошондой эле аялды уурдап барып, эркине каршы некеге тургузуу боюнча беш жылдан жети жылга чейин соттоо жазасы күчүндө калтырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0