Кыргызстанда кооптуу жыландар пайда болдубу? ӨКМ жооп берди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулуу жыландар ысыктан улам дарыялар менен каналдарга кирип кеткени айтылган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы Кыргызстанда ири жыландардын пайда болгону жөнүндө маалымат таратпаганын жар салды.

Буга чейин ӨКМ Кыргызстанда мурда байкалбаган жыландар пайда болгонун айтып, сак болууга чакырып жатат деген билдирме тарап кеткен. Мессенджердеги маалыматта "бул жыландардын уусу адам өмүрүнө кооптуу" деп айтылган.

"Балдарды белгисиз көлмөлөргө, дарыяларга жибербөөнү суранабыз. Ошондой эле өзүңүздөр дагы сак болуңуздар. Бизге өлкөнүн чар тарабынан элдер, балыкчылар телефон чалып өлкөдө мурда байкалбаган, узундугу 1 метрден 4 метрге жеткен жыландар пайда болгонун кабарлап жатышат", — деп таратылган маалыматта айтылган.

Мындан тышкары, жыландар адам тийишпесе дагы кол сала турганы белгиленген. Сойлоп жүрүүчү жандыктар күндүн ысыгына байланыштуу канал менен дарыяларга кирип кеткени кошумчаланган.

ӨКМдин маалымат кызматы элге мындай билдирүү таратпаганын жана бул нерсе чындыкка коошпой турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0