Эс алууга кеткенде үйдү кантип тонотуп ийбеш керек? Милициянын кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековКөл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция Ысык-Көлдүн жээгинде дагы буюм-тайымдарга сак болууга чакырат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жайкы эс алуу учурунда бардык тараптан сак болуу керектигин Ысык-Көл ОИИБинен эскертишти.

Өзгөчө бул көл жээгинде эс алып жүргөндөргө тиешелүү.

"Биринчиден, социалдык тармактарда кылдат болуу зарыл. Качан кайсы жакка кетип, канча убакыт жүргөнүңөрдү жазбагыла. Анткени силерди бир гана жакындарыңар эмес, ууру-кескилер дагы окуп калышы ыктымал. Кайсы учурда үйдө киши жок болорун билгендер ошол замат ууруга келет", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Случаи квартирных краж в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үй ууруларынан кантип сактануу керек? Милициядан 10 кеңеш
Ошондой эле укук коргоо органдарынан балдар менен эс алууга чыгуу алдында аларга үйдүн дагерин, ата-энесинин телефон номерин жаттатып коюу туура экенин айтышты. Бала өтө эле кичинекей болсо, кийимине ата-энесинин дайын-дареги жазылган алакандай кагаз төөнөп койсо болот.

Ал эми эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга токтогондор баалуу буюмдарды аманат камерасына өткөрүп койгону оң. Себеби көпчүлүк жайлардын администрациясы жоголгон буюм-тайым үчүн жоопкерчилик албайт.

Мындан тышкары, облус милициясынан жайкы эс алуу учурунда көл жээгиндеги уурулук күч аларын эскертип, баалуу буюмдарды көздөн оолак кармоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0