11:53 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архивное фото

Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
126811

Жээнбеков Нурэмир Бабановдун бетинен өөп, сыйлыгын тапшырган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. 2017-жылы президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу уулуна "алтын сертификат" тапшырган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди.

"Баламдын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын", — деген Бабанов.

Бүгүн, 3-июлда, мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында республикалык жалпы тестирлөөдөн жогорку упай топтогондорго алтын сертификат тапшыруу аземи болду. Президент Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ноутбук жана акчалай сыйлык тапшырды. Мамлекет башчынын колунан сыйлык алгандардын арасында саясий кадамдарынан улам өлкөнүн сыртына чыгып кеткен мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун уулу болду. Жээнбеков Нурэмир Бабановдун бетинен өөп, сыйлыгын тапшырды.

Тема боюнча

Жээнбеков Бабановдун уулун өөп "алтын сертификат" тапшырды. Фотофакт
Өмүрбек Бабанов: мыйзамсыз кадамдарды пландады делген адамдарды тааныбайм
Белгилер:
сертификат, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ