Төрөткананын алдында көз жарган келин. Министрлик окуя тууралуу

© AP Photo / Fernando Antonio, FileЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дарыгерлер келинди кабыл албай койду деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Төрөтканада ремонт иштери жүрүп жаткандыктан толгоосу бышып калган келиндин келгени угулбай калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги №2 төрөткананын эшигинин алдында көз жарып жаткан келиндин видеосу тараган. Тасмада мекеменин короосу, келинди тегеректеп турган бир нече аялды көрүүгө болот.

"Аял төрөтканага толгоосу бышып бала төрөлө жаздап калганда келген. Имаратта ремонт жүрүп жаткандыктан куруучулар эшиктин тыкылдаганын укпай калышкан. Келин төрөтканадан 50 метр алыстыкта, эшикте көз жарды. Бул тууралуу кызматкерлерге кабарланып, алар келинди ооруканага алып кирип, жардам көрсөтүшкөн. Аялды дарыгерлер кабыл албай койду деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деди Асылбашева.

Уулдуу болгон келин буга чейин медициналык каттоого турбаганы аныкталды. Эне-баланын абалы учурда жакшы. 

Төрөткананын кызматкерлери Sputnik Кыргызстан агенттигине мекеме 2-августка чейин ремонтко жабылганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0