Зилалиев: "бомба" окуясы боюнча Абдил Сегизбаев менен сүйлөшкөм

Жазылуу
Кийинки сот отуруму 18-июлга саат 9:30га белгиленди.

ИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Манас проспектиси жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде 24-ноябрда турган курсант кыз анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин, же "формаңды оңдоп ал деген сөзгө теригип Зилалиев бомба жарылат деп айтты" деши мүмкүн деген пикирин айтты.

Бүгүн, 3-июлда, Биринчи Май райондук сотунда Зилалиевдин иши каралды.

Ал курсант кыздын алактап турганын көрүп, маанайын көтөрүү үчүн комплимент айтууга ниеттенгенин кошумчалады.

"Терезени түшүрүп, "чоң кыз" дедим, ал уккан жок. Манас менен Москва көчөлөрүнүн кесилиши дайыма ызы-чуу, ошондон улам укпай калышы мүмкүн. Кайта айтканда угуп кайрылды. Мен "форма сизге жарашат экен" деп "кийимди оңдоп ал" дедим",- деди ал.

Зилалиев ошондой эле 25-ноябрда УКМКнын ошол учурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге чалып сүйлөшкөнүн жана ал окуя тууралуу маалыматы бар экенин айткан. Экс-вице-премьер ошондой эле бул окуя менен премьер-министр Сапар Исаковду да кабардар кылганын белгиледи.

Андан сырткары, айрым ЖМКлар жазып жаткандай "Зилалиев инаугурацияга таарынып барбай койду, ал чакырылган эмес" деген маалыматтар чындыкка жатпай турганын айтты.

Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Шадиевдин бүлөсү мүлкүнүн бир бөлүгүн иш козголгонго чейин сатып ийген
"Мени инаугурацияга чакырышкан. Мына колумда чакыруунун оригиналы турат. 24-ноябрда мамлекеттик кызматкерлер эртең мененки саат 8:00дө эски аянттан атайын автобус менен алып кетишкен. Мен ал жерге убагында барганга жетишпей калдым. Резиденциянын ичине ал күнү жеке автоунааларды киргизбегендиктен барган эмесмин", — деди ал.

Зилалиев өз көрсөтмөсүндө чынында инаугурацияга чакырганына аябай таң калганын билдирди. Анткени ал бир топ учур жумушсуз болгонун жана Мамлекеттик мүлк фондусунун башчылыгына дайындалганына аз эле убакыт болгонун айтты.

Ошондой эле аны бомба тууралуу жалган маалымат берди деген кабарды 25-ноябрда жардамчысынан укканын билдирип, УКМКга 9-декабрда биринчи жолу чакырылганын кошумчалады.

Кийинки сот отуруму 18-июлга саат 9:30га белгиленди.

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге террорчулук актысы тууралуу жалган маалымат берүү боюнча айып тагылып, үйдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөм бай деле эмес, "ортозаар" турабыз. Зилалиевдин агынан жарыла берген маеги
Эскерте кетсек, айрым ЖМКлар президенттин инаугурациясы болгон 2017-жылы 24-ноябрь күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнүн жазып чыгышкан. Маалыматты ИИМ академиясында окуган кыз Зилалиевге таянуу менен билдирген.

Андан кийин аткаминердин өзүнүн билдирүүсү жарыяланып, анда Зилалиев "түшүнүксүз иштин фигуранты" болуп жатканын айткан. Экс-чиновник курсант кыз анын сөзүн туура эмес түшүнүп алганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0