Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн дагы бөлүгү жабылат. Карта

Жазылуу
Мэрия оңдолгон жолду 30-августта ача турганын айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабыла турганын мэрия билдирди.

Көчө 5-июлда жабыла турган болду. Муниципалитет оңдоодон өткөн жолду үстүбүздөгү жылдын 30-августунда ача турганын убадалады.

Маалыматта жолго асфальт төшөлүп, бордюр жаңыланары айтылды.

Жалпы жонунан учурда борбор калаада 23 көчө жабык. Алардын качан ачылары тууралуу материал даярдаганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0