Бишкекте эл аралык этно фестивалга тандоо туру өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный фестиваль "Оймо"
Международный фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо туру 10-11-июль күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкекте "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этно маданий фестивалына карата тандоо туру өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Эрмек Муканбектов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында уюштурулмакчы.

"Көчмөндөр оюнунда ачылыш, жабылыш аземинен сырткары маданият фестивалдары болот. Ага катышууга биз 100гө чукул мамлекетке чакыруу жөнөттүк. Ошого байланыштуу атамекендик ырчы, бийчи, дизайнерлерге "Этнохит", "Этнобий", "Этномода", "Айтуучулук өнөр" деген жанрлар боюнча тандоо турун уюштурганы жатабыз. Ал жактан мыктылары тандалып, Көчмөндөр оюнунда өз өнөрүн тартуулайт", — деди Муканбетов.

Тандоо туру 10-11-июль күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0