Памир кыргыздары Афганистанга кайтабы? Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга келген Памирлик кыргыздар. Архив
Кыргызстанга келген Памирлик кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Памир кыргыздарынын бир катарларынын кайра артка, Афганистанга кетүүгө камданып жаткандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нарын облусуна келген Памир кыргыздарынын ичинен кайра артка кетебиз дегендерди түшүнө билели. Туулгандан кыргыз жерин көрө элек туугандар тагдырдын чоң сыноосунан өтүп жатат. Бул пикирин өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы социалдык тармакка жазды.

Кыргыз өкмөтү Афганистандан 13-октябрда Улуу жана Кичи Памирден 33 адамды алып келип, Нарынга жайгаштырган.

Кийин дагы тогуз памирлик кыргыз келген.

Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек
Жакынкы күндөрү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Памир кыргыздарынын бир катарларынын кайра артка, Афганистанга кетүүгө камданып жаткандыгын кабарлаган. Журналист этникалык кыргыздардын бири ижарага алып жашаган үйдөн ээси чыгып кетүүсүн талап кылганын жана кой кайтарткан киши акысын жеп, 5000 сомун бербей койгондугун жазган.

Бул пикир кыргыз коомчулугунда бир топ талкууну пайда кылып, жергиликтүү бийлик менен өкмөткө сын-пикирлер айтылды.

Айнура Дүйшөк кызы Кыргызстанга көчүрүлүп, анын ичинен Нарынга жайгаштырылган Памир кыргыздарына көрүлгөн камкордук жана коомдо бул жаатта айтылып жаткан пикирлерден улам жагдай боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, облус бийлигинин алдында штаб түзүлүп, жумушчу топ памирликтер боюнча иш алып барып келген. Этникалык кыргыздар алгач Нарын облусунда бардык медициналык кароодон өтүп сенек, шал, кептөөр, сакоо, кызамык, кызылча ооруларына каршы эмделген. Андан соң райондогу Куланак айылына жайгашкан. Ал эми жаштар мектеп лицейде билим ала баштаган.

Памирден келгендердин жаштары 4 класстык билим алышты

"Билимге суусап турган балдарды окутуу улантылды. Нарын шаарындагы Асанов атындагы мектеп-лицейде 10 бала (3 кыз,7 эркек) өкмөттүн тапшырмасына ылайык тездетилген окуу программасы менен окутулду. Экөө 1-4 класстардын программасын, ал эми 8и 1-3-класстардыкын өздөштүрдү. 9-17 жаштагы бул балдар 15-июндан баштап каникулга тарап, күзүндө окуусун улантат", — деп билдирген маалымат катчы.

Памирская кыргызска Ширинбу Абдулбаит кызы - Sputnik Кыргызстан
Ак жоолукчан памирлик келин Ширинбү. Макияжга чейин жана андан кийин
Ал эми 18 жаштан жогорку сегиз памирлик Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде окуп, "жеке компьютер колдонуучу" сертификаттарын алып, төрт күн мурда аны вице-премьер Алтынай Өмүрбекова барып тапшырып келген.

"Адистиктерди үйрөнүп алса, эл катары аракеттенип өз алдынча оокатын кылат. Маңдай терин агызып тапкан аштын даамы таттуу болот эмеспи", — деген Айнура Дүйшөк кызы.

"Памырга барып дохтур болсом деген да оюм бар"

Маалымат катчы 3-класстык билим алган балдардын алтоо Памирге жакындарына сагыныч таратканы убактылуу барарын айткан.

"Алар Памирге жакындарына сагыныч таратканы барып келгени жатышат. "Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас жылкы болбойт" деген кеп бар. Ушул курстун бүтүрүүчүлөрүнүн экөө үй-бүлөлүү. Жубайларын балдары менен Памирге калтырып окууга келген", — деген ал.

Президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген кыргыз Абдыбаит Жээнбековдун Кыргызстанда төрөлгөн Алмазбек деген уулуна алты бөлмөлүү үй алып берди - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Памирден келген бир үй-бүлөгө там алып берди. Сүрөттөр
Эскерте кетсек, буга чейин Sputnik Кыргызстандын студиясына памирлик кыргыздардын жаштары келип, маек берген. Эгерде Афганистандын Памир тоолорундагы кыргыздардын калган бөлүгү Кыргызстанга көчүрүлүп келбесе, бир катарлары Афганистанга кайтып барып, ал жердеги кыргыздардын сабатын жоюп, кээ бирлери дарыгер болуп, кандаштарын дарылоо вазийпасын аткарарын айткан жайы бар

Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова да Памир кыргыздары бул жакта калаар-калбасын өздөрү чечерин айткан.

"Ат-Башыга бөлүнгөн тууган эки үй-бүлө балдардын окуусуна карап убактылуу келгенин башында эле эскертишкен экен. Азыр туугандарынын балдарын кошо алып учурашканы Памирге барганы камданып турушат. Калганы пландарын өзгөртүп жатканы шекилдүү. Аларды дагы түшүнө билели", — деген Дүйшөк кызы.

Кыргыз жерине келип, Бишкек шаарында көз жарган келин Жанбүбү жолдошу менен уулуна президенттин ысымын ыйгарып, өлкө башчы алардын үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан короо-жайлуу там сатып берген эле.

Баса, Афганистандын борбору Кабул шаарындагы мектептен билим алган эки жигит учурда Афганистандан тиешелүү кагаздарын күтүп жаткан учуру экен. Документтери келсе, жогорку окуу жайга тапшыруу ниеттери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0