Чаткалда мындан 10 күн мурда жоголгон эки кишинин бири табылды

Жазылуу
Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана жеке буюмдары табылган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Мындан 10 күн мурда автоунаасы менен чыгып кетип, дайынсыз кеткен Чаткал районунун эки жашоочусунун биринин сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.

Маалыматта 22-июнь күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жол айылынын 23 жана 21 жаштагы тургундары Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаасы менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей, издөөгө алынгандыгы айтылат.

25-июнда Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана жеке буюмдары табылган.

"1-июль күнү издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00дө табылган 21 жаштагы жигиттин сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүп берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Экинчи жаранды издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0