Президент Сооронбай Жээнбековдун медицина кызматкерлерин куттуктады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочая поездкв по Иссык-Кульской области премьер-министра Сооронбая Жээнбекова
Рабочая поездкв по Иссык-Кульской области премьер-министра Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент медициналык кызматтын сапатын жогорулатууда башкы роль кесипкөй, өз ишине чексиз берилген, мээрман дарыгерлерге таандык экенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент куттуктоосунда учурда 47 миңден ашык медицина кызматкери өз милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, элдин саламаттыгынын сакчылыгында турушарын белгилеген.

"Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы модернизациялоого, материалдык-техникалык ресурстарын жакшыртууга муктаж. Өлкөбүздүн бардык региондорунда, айрыкча айыл жерлеринде саламаттык сактоо жаатын өркүндөтүп, өнүктүрүүгө тийишпиз. Медицина тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктаган жаӊы улуттук программаны иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл", — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле медициналык кызматтын сапатын жогорулатууда башкы роль кесипкөй, өз ишине чексиз берилген, мээрман дарыгерлерге таандык экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0