Ошто таштандыдан табылган табытка кимдин сөөгү салынганы белгилүү болду

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуОш шаарында таштанды челектин жанынан табылган табыт
Ош шаарында таштанды челектин жанынан табылган табыт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү бүгүн жерге берилди.

ОШ, 29-июн. – Sputnik. Ош шаарында таштанды челектин жанынан табылган табыт менен Хакасияда сууга чөгүп каза болгон 16 жаштагы жигиттин сөөгүн алып келишкен. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, табыт Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө жайгашкан таштанды челектин жанынан табылган.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери табыттын таштанды челек жайгашкан аймакка кайдан келип калгандыгын иликтеп чыгышты. Ага ылайык, табыт менен 16 жаштагы Баястан аттуу жигиттин сөөгү Хакасиянын Абакан шаарынан 28-июнда түнкү каттам менен Ош шаарына алып келинген. Маркум аталган шаарда сууга чѳгүп каза болгон. Анын 54 жаштагы атасы уулунун жасатын табыттан чыгарып, ак кепиндеген соң аны таштанды челекке таштап коюшкан", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле сууга чөккөн жигиттин сөөгү Ош шаарында жерге берилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0