Эл өкүлдөрү депутаттарга берилген үйдүн жарымында эле жашайт

Жазылуу
Борбор калаада депутаттарга бөлүнгөн 30 батир бар.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 15 депутаты эл өкүлдөрүнө берилген үйдө жашайт. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйдө 30 батир бар.

"Бул депутаттар аймактардан келгендер. Бишкекте батири жок. Эл өкүлдөрү буга чейин мугалим, айыл өкмөт башчысы болуп иштеген", — деди төрага.

Ошол эле учурда Жумабеков калган батирлерде киши жашаар-жашабасын так айткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0