Ачык асман алдында концерт көр! Мэрия өзгөчө иш-чара уюштурат

© Sputnik / Акылбек БатырбековПарк имени Даира Асанова в Бишкеке
Парк имени Даира Асанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт бүгүн 19:00дө башталат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында ачык асман алдында концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, концерт 29-июнь күнү 19:00дө башталат.

"Классикалык, эстрадалык жана элдик музыка сүйүүчүлөрү үчүн мэриянын эл аспаптар оркестри менен "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли кызыктуу концерт тартуулайт", — деп жазылат маалыматта.

Эгер сиз Бишкекте эмес, Ысык-Көлдө болуп калсаңыз, 26-июндан 2-июлга чейин өтө турган "Менин мекеним — Кыргызстан" аттуу эл аралык балдар фестивалына катышып калыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0