Ак-Талаадагы чуулуу көпүрө оңдолуп бүтүп, унаалар өтө баштады

© Фото / Эсенбек СталбековРеконструкция моста в Ак-Талинском районе Нарынской области
Реконструкция моста в Ак-Талинском районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 44 миллион 454,7 миң сом каралган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү ачылып, автоунаалардын өтүүсүнө жол ачылды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, былтыр май айында узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген. Мындан улам көпүрөнүн 44,3 метр жери оңдоого муктаж эле. Кайра калыбына келтирүү иштери 15-июнда толугу менен соңуна чыгып, автоунаалар өтүп баштаганы айтылат.

Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
Элди нааразы кылган Бишкектин жолдору. Аны ким текшерип, кантип кабыл алат?
Эскерте кетчү жагдай, 13-майда Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы урап калган көпүрөнүн курулуш иштери бүтпөгөндүктөн төрт айылдын эл райондун борбору менен байланыша албай калган

Кийин көпүрөнү оңдоо иштерин министрлик кайрадан колго алып, башка компания менен иштеше баштаган. Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 44 миллион 454,7 миң сом каралган.

Буга чейин УКМК дал ушул көпүрөгө байланыштуу кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевди кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0