Эл акча чогултуп дүйнөлүк олимпиадага узаткан окуучу кыз 1-орунду утту

© Sputnik / Табылды КадырбековВосьмилетняя кыргызстанка Айсанат Женишева
Восьмилетняя кыргызстанка Айсанат Женишева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган балдар жалпы жонунан 55 байге утуп келишти.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Элдин колдоосуна татыган Айсанат Жеңишева менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду утуп келди. Бул туурасында анын апасы Мээрим Бейшекеева кабарлады.

Эскертке кетсек, апрель айында жалгыз бой эне сегиз жаштагы таланттуу кызын олимпиадага жөнөтүүгө чама-чаркы келбегендиктен коомчулуктун көмөктөшүүсүн суранган. Бейшекеева бул боюнча материал Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккандан кийин жардамга кол сунгандардын катары калыңдап, кызынын көксөөсүн орундатууга жол ачылганын билдирди.

© Фото / Мээрим БейшекееваЭлдин колдоосуна татыган Айсанат Жеңишева менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду утуп келди
Элдин колдоосуна татыган Айсанат Жеңишева менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду утуп келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Элдин колдоосуна татыган Айсанат Жеңишева менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду утуп келди
© Фото / Мээрим БейшекееваАталган олимпиада 22-23-июнь күндөрү өтүп, анда Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Белоруссия, Россия, Казакстан, Украина, Ливан, Индия, Армения, Азербайжан, Болгария жана Өзбекстан өңдүү 12 өлкөдөн барган 400гө чукул окуучу күч сынашкан.
Аталган олимпиада 22-23-июнь күндөрү өтүп, анда Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Белоруссия, Россия, Казакстан, Украина, Ливан, Индия, Армения, Азербайжан, Болгария жана Өзбекстан өңдүү 12 өлкөдөн барган 400гө чукул окуучу күч сынашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аталган олимпиада 22-23-июнь күндөрү өтүп, анда Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Белоруссия, Россия, Казакстан, Украина, Ливан, Индия, Армения, Азербайжан, Болгария жана Өзбекстан өңдүү 12 өлкөдөн барган 400гө чукул окуучу күч сынашкан.
1/2
Элдин колдоосуна татыган Айсанат Жеңишева менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду утуп келди
2/2
Аталган олимпиада 22-23-июнь күндөрү өтүп, анда Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Белоруссия, Россия, Казакстан, Украина, Ливан, Индия, Армения, Азербайжан, Болгария жана Өзбекстан өңдүү 12 өлкөдөн барган 400гө чукул окуучу күч сынашкан.

"Бизге керектелген 1500 долларды чогулта алдык. Жакындарыбыз жана такыр эле тааныбаган кишилер акча которуп жатты. Арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Кызым сиздердин жардамыңыздар менен барып 1-орун алып учурда сүйүнүп турган чагы. Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем!" — деди кубанган эне.

Аталган олимпиада 22-23-июнь күндөрү өтүп, анда Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Белоруссия, Россия, Казакстан, Украина, Ливан, Индия, Армения, Азербайжан, Болгария жана Өзбекстан өңдүү 12 өлкөдөн барган 400гө чукул окуучу күч сынашкан. Кыргызстандын атынан 5 жаштан 16 жашка чейинки 90 таланттуу бала катышып, 55и алдыңкы орундарды камсыздады. 

© Фото / предоставлено Мээрим БейшекеевойМировая олимпиада по ментальной арифметике в Дубае
Мировая олимпиада по ментальной арифметике в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Мировая олимпиада по ментальной арифметике в Дубае

Алар төмөндөгүдөй:

— Чемпиондордун чемпиону – 10;

— Чемпион – 14;

— Биринчи орун – 14;

— Экинчи орун – 11;

— Үчүнчү орун – 6

Менталдык арифметика — бул байыркы система. 5000 жыл мурда Азиянын түштүк-чыгышында пайда болгон. Учурда дүйнөнүн бардык өлкөсүндө бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0