Катын албай, кайын ал! Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын күйөө балдары

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл оозунан түшпөгөн саясатчылардын үй-бүлө мүчөлөрү кимди гана болбосун кызыктырбай койбойт.

Буга чейин алардын өмүрлүк жарлары, балдары тууралуу жазып келсек, бүгүн күйөө балдарына токтолдук. Качандыр бир кезде жана ушул тапта эл башкарган саясатчылар бапестеп баккан кыздарын кимге ишенип бергенине кызыксаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласына көз чаптырыңыз.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жылгыз кызы Бактыгүлдү Атабек аттуу жигитке турмушка берген. Президенттин күйөө баласы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Атасынын айтымында, мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгетенген. Ушул тапта өкмөттүн эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштейт. 

© Фото / из личного архива Атабека АбжалиеваПрезидент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл жолдошу Атабек менен
Дочь президента КР Соронбая Жээнбекова Бактыгуль с мужем Атабеком - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл жолдошу Атабек менен

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Динара аттуу кызы Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун жубайы. Учурда бир уул, бир кызды тарбиялашууда. Анын атасы Алымбай Султанов дагы коомго белгилүү инсан. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген

© Фото / пресс-служба ФФКРКРдин Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов
Президент ФФКР Семетей Султанов - Sputnik Кыргызстан
КРдин Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов

Кыргызстандагы эң белгилүү күйөө балдардын бири — казакстандык ишкер Адиль Тойгонбаев. Ал экс-президент Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин өмүрлүк жары болгону белгилүү. Кийин жубайлар ажырашып кеткен. Тойгонбаев Кыргызстанда "алдамчылык", "коррупция жана мамлекеттик объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү" беренелери менен айыпталып, эл аралык издөөгө алынган. 2016-жылы Дубайда кармалып, бирок Кыргызстан аны экстрадиция кылдыра алган эмес. Былтыр июль айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы Аселдин жолдошу Курман аттуу жигит. Жеке ишкерлик менен алектенет. Сатыбалдиевдин кудасы Байыш Нурматов мурда өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттигин жетектеген

Коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Нургазы Айдаров. Ал парламентке "Ата-Журт" фракциясынын курамы менен келген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев Аскар Акаевдин президенттик аппаратын жетектеген Топчубек Касымовго күйөө бала. Бүлөнүн эки уулу бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев
Министр Тайырбек Сарпашев - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев

Экс-депутат Ахматбек Келдибеков мурдагы Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы жана Курманбек Бакиевдин президент кезиндеги кеңешчиси Нурмамбет Токтоматовдун кызына үйлөнгөн. Саясатчынын жубайы Аида кесиби боюнча медик. 

© Пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Ахматбек Келдибеков
Ахматбек Келдибеков в пресс зале - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Ахматбек Келдибеков

Жаңылыктар түрмөгү
0