Жалал-Абадда 11 киши күйдүргү дартына шектелип, ооруканага жаткырылды

© AP Photo / Anupam NathВсемирный день борьбы с туберкулезом в Индии
Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 11 киши күйдүргү дартына шектелип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Маматжан Миянов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал ошондой эле бардык бейтаптар тийиштүү дарылануудан өтүп жатканын жана абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады.

"Азырынча так диагноз коюла элек. Жаткырылган 11 киши күйдүргү дартына шектелүүдө. Алар эт жешиптир. Бирок лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга элек. Дарыгерлер ооруган малдын этин жеди деген башка кишилерди текшерип жатат", — деди Миянов.

Жалал-Абад облусунун дарыгерлери менен санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери ооруган малды союуга катышкандарды жана анын этин жегендерди аныктоо боюнча иштерди аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0