БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 27-июндан 1-июлге чейин күтүлүп жаткан нөшөрдөн улам өлкөдөгү сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ошол себептен жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишкана, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", — деп эскерткен ӨКМ.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ телефонограмма менен тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине билдирүү жөнөткөн.
Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберген.