11:37 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды

Таласта корукта жүргөн мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба NABU
Коом
Кыскача шилтеме алуу
59620

Фотокапкан браконьерлик менен күрөшүү максатында орнотулган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды. Бул тууралуу NABU айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

  • Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды
    Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды
    © Фото / пресс-служба NABU
  • Учурда фотокапканга түшкөн сүрөттөр боюнча маалыматтар текшерилип жатат.
    Учурда фотокапканга түшкөн сүрөттөр боюнча маалыматтар текшерилип жатат.
    © Фото / пресс-служба NABU
1 / 2
© Фото / пресс-служба NABU
Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды

Анын айтымы боюнча сүрөт июнь айынын аягында "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан тартылган.

"Аңсакчы Рашитбек Бешкемпиров билдиргендей, корукта күрөң аюу, ак илбирс жана сейрек кездешүүчү жандыктар бар. Учурда фотокапканга түшкөн сүрөттөр боюнча маалыматтар текшерилип жатат. Эгер бул адам браконьер болуп чыкса, тийиштүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле жапайы жаратылышка мыйзамсыз негизде кол салгандарга каршы иштер күчөтүлөт", — деди Эсенбаева.

Ал ошондой эле NABU уюмунун "Илбирс тобунун" кызматкерлери тарабынан май айынын башында төрт фотокапкан орнотулганын кошумчалады.

Тема боюнча

Боронов НАБУ жетекчилигине сакталган ак илбирстер үчүн ыраазы болду
Токтошев: акыркы 10 жылда Кызыл китепке кирген жаныбарлар үч эсе азайган
Белгилер:
браконьер, фотокапкан, Талас

ЭҢ МААНИЛҮҮ