Жаңы чыккан дарбыз-коондор ден соолукка кооптуу эмеспи? Адистердин жообу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСупермаркет "Перекресток" в Москве
Супермаркет Перекресток в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундарынын айрымдары жер жайнаган дарбыздарды жегенден кооптонуп жатканын айтышууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул суроого тийиштүү адистерден жооп алды.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, базар жана дүкөндөрдөгү дарбыз-коондордун бардыгы күнүгө текшерилип жатат.

"Май айында чыккан дарбыздар чындыгында кооптуу болчу. Азыр жергиликтүү дыйкандардын мөмө-жемиши бышып, Бишкекке Шамалды-Сай, Жалал-Абаддан алып келинүүдө. Кызматкерлер күн сайын түнкү саат 2-3төн баштап калаанын "Ош", "Аламүдүн", "Орто-Сай" сыяктуу ири базарларындагы дарбыздардын нитратын текшерип жатышат. Бирок жайма базарлардагы, көчөлөрдө жана арабага коюп саткан мөмө-жемиштерге кепилдик бере албайбыз. Себеби алар эч кандай уруксат кагазы жок эле сатылып жатат", — деди Садырбекова.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Мухамад Мурзашев калаага алып келинген дарбыздардын нитраты нормадан жогору эмес экенин айтты.

Дарбызды кантип туура тандап алуу керек - Sputnik Кыргызстан
Даамдуу дарбыз тандоо эрежелери
"Азыр мөмө-жемиштер өзүбүздүн аймактарда деле бышып калды. Анын бардыгын партия болуп келген сайын текшерип турабыз. Негизи коон-дарбыздын түзүмүндө нитраттын көлөмү 60тан ашпаш керек. Жакында эле 49 коон-дарбызды атайын лабораторияга алып барсак, нитраттын көлөмү нормада экен. Мындан сырткары чоң, орто, чакан базарларда жана супер маркеттердеги мөмө-жемиштерди текшерген атайын лабораториялар иштейт. Алар күн сайын баарын көзөмөлдөп турат", — деди Мурзашев.

Ал керектөөчүлөр коон-дарбыздан ууланбашы үчүн башка дагы эрежелерди билүүсүн эскертти:

— коон-дарбызды күн тийбеген көлөкө жана текчеде коюлган жерден сатып алуу зарыл;

— сатып алгандан кийин сөзсүз түрдө тазалап жууш керек;

— дарбыз кокус артып калса сөзсүз түрдө бетин жаап, муздаткычка сактаган оң;

— эки-үч күн кесилип туруп калган дарбызды жебеш керек;

— колду таза жууп жеген жакшы.

Жер-жемиштерди тоңдуруу боюнча да адистин кеңешин окуп коюңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0