Чычкан суусуна түшкөн унаа: изделип жаткандардын биринин сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөк суудан чыгарылган унаанын ичинде болгон.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндеги изделип жаткан эки адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 26-июнга караган түнү 3.00дөр чамасында Бишкек — Ош унаа жолунда бара жаткан Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыккан машина Чычкан суусуна түшүп кеткен. Буга чейин ӨКМден анын ичиндеги алты адам ооруканага жеткирилип, экөө изделип жатканын айтышкан.

"ӨКМдин жети куткаруучусу жана ИИМдин 10 кызматкери унааны суудан чыгарганда, бир адамдын сөөгү ичинен табылды", — деп айтылат тилдирүүдө.

Экинчи адамды издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0