Мамашова: кыз ала качкан жигиттин ата-энеси да, туугандары да жазаланышы керек

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЖогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада "Укук коргоо органдарынын гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жетишкендиктери жана кийинки кадамдары" аттуу конференция өттү.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыз ала качкан жигиттин жакындарын да административдик жазага тартуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова айтты.

Эл өкүлү "Укук коргоо органдарынын гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жетишкендиктери жана кийинки кадамдары" аттуу конференцияда сүйлөдү.

"Ала качууга туш болгон кызды үйдө жигиттин тууган-туушкандары чогулуп алып күтүп турат. Көп учурда мындай көрүнүш ата-энелер тарабынан жакшы кабыл алынат. Бул түшүнүктүн өзү туура эмес", — деди Мамашова.

Депутат кыз ала качуу боюнча учурдагы мыйзам начар иштеп жатканын белгиледи. Акыркы үч жыл ичинде кыз ала качкан бир гана адам эркинен ажыратылган. Калган айыпкерлер шарттуу кесилип, же тараптардын жарашуусунан кийин иш кыскартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0