Китепканалардын ишин илгерилетчү форум өтөт

Жазылуу
Иш-чаранын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан айылдык, райондук, шаардык жана облустук китепканаларга 15 миллион сомдук китептер берилет.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облустук китепканасында "Региондорду өнүктүрүү жылында коомдук китепканалардын ролу" аттуу республикалык Х форум болуп өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкана билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара өлкөнүн региондорунун социалдык-экономикалык жана маданий турмушун өнүктүрүүдө жана жакшыртууда китепканалардын иштерин консолидациялоону көздөйт.

Залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмери Ишеналы Арабаевдин эстелиги - Sputnik Кыргызстан
"Алиппенин" автору. Ленинге кат жазган Ишеналы Арабаев тууралуу 7 факты
"Азыркы мезгилде Кыргызстандын китепканаларынын өнүгүүсү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүү, медиалык-маалыматтык сабаттуулукту калыптандыруу, гуманитардык ченем, коомдун инновациялык маданиятын калыптандыруу, коомдун улуттук жана руханий-маданий бейнесин түзүү, окуунун экологиясын түзүү сыяктуу жаңы ченемдерди белгиледи. Китепканаларды комплекстүү өркүндөтүү үчүн бүгүн мамлекеттик деңгээлде системалык мамиле жана жаңы жагымдуу шарт түзүү талап кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Форум "Социалдык-экономикалык жана маданий жактан аймактарды өнүктүрүүдө коомдук китепканалардын таасири" жана "Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүдө китепканалардын ролу" деп аталган эки секциялык бөлүктөн турмакчы.

Маалыматта иш-чарага жети облустун китепканачылары келе турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0